Тажикстан президентинин сапары учурунда Бишкектеги мектептерде сабактар онлайн өтүлөт
- 1 месяц мурун
12-13-март күндөрү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргыз Республикасына мамлекеттик иш сапары уюштурулгандыгына жана Бишкек шаарынын мэриясынын 10-марттагы тапшырмасына ылайык, 2-6-класстар үчүн сабактар онлайн өтүлөрү айтылды.
Ошондой элк аталган күндөрү балдар бакчалары да онлайн форматка өтмөкчү.
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2025-жылдын 12-13-мартында Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик иш сапар менен келе тургандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.
12-мартта Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан