Муфтият өкүлдөрү Ташкентте калган зыяратчылар менен жолугушту

18-ноябрда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) кызматкерлери Ташкент шаарында кичи ажылыкка уча албай туруп калган кыргызстандык зыяратчылар менен жолугушту.

Бул тууралуу КМДБ билдирди.  

«Ташкентте калып кеткен зыяратчылар менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Азыр бул жердеги 54 киши ыйык сапарга учуу алдында турат. Калганы Мекенге кайтууга ыраазы болушту. Кудай буюрса, маселелер оң жагына чечилип жатат» деп билдирди Азирети Муфтийдин орун басары Шакир ажы Маматов. 

18-ноябрда Дин башкармалыгынын жыйындар залында ажылык жана умра сапарларына даярдык көрүү иштери боюнча мекемелер аралык комиссиянын чукул отурумунда Ташкент аэропортунда умра сапарына уча албай калган кыргызстандык зыяратчылардын абалы жана аларды Мекенге кайтаруу маселеси каралган.

Отурумдун жүрүшүндө Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү тарабынан Ташкент шаарындагы жарандарыбыздын абалы тууралуу маалымат берилип, Өзбекстандагы элчиликтин өкүлдөрү менен түз байланыш аркылуу алардын коопсуздугу жана учурдагы жагдайы талкууланган.

«Нур Умра Трэвел» ЖЧКсы аркылуу сертификат алып, умра сапарына чыгууну пландап жаткан жарандарга, ошондой эле умра зыяратына аттанууну көздөгөн мекендештерибизге учурдагы кырдаал турукташканга чейин башка кошуна өлкөлөр аркылуу сапарга чыкпоого чакырабыз  жана сапарга байланыштуу маалыматтарды алдын ала тактоону өтүнөбүз. Азыркы учурда зыяратчыларды Бишкек жана Ош шаарларындагы эл аралык аэропорттордон Сауд Арабмяга ташуу үчүн SalamAir, Air Arabia жана Flyadeal авиакомпанияларынын аба каттамдары жеткиликтүү жүргүзүлүп, зыяратчыларды күн сайын ташууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүктөн өзүбүздүн өлкөдөн учууга чакырабыз” деп анда муфтият билдирүү тараткан.  

Сүрөт: КМДБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты