«Тазалыктын» кызматкерин өлтүрө сүзгөн айдоочу УКМКнын запастагы подполковниги болгон

  • 2 года мурун

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерин өлтүрө сүзгөн Honda CR-V унаасынын айдоочусу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы кызматкери болгон. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, шектүү катары кармалган 45 жаштагы адам УКМКнын запастагы подполковниги. Учурда Тышкы иштер министрлигиндеги департаменттердин бирин жетектейт.

Белгилей кетсек, 18-декабрь күнү түнкү саат 1:30дар чамасында Бишкектеги «Ала-Тоо» ресторанынын жанында Honda CR-V үлгүсүндөгү унаа «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 61 жаштагы кызматкери Ш. Т.ны коюп кеткен. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде көз жумган.

Наркологиялык борбордон чыккан анализдин жыйынтыктарына ылайык, кырсык болгон учурда Honda CR-V унаасынын айдоочусу мас абалында болгон.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты