Бишкекте «Тазалыктын» дагы бир кызматкери жол кырсыгынан каза тапты

  • 2 года мурун

Бишкекте «Тазалык» муниципалдык ишканасынын дагы бир кызматкерин унаа коюп кетти. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза тапты. Бул тууралуу АКИpress агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 18-декабрда саат 01:30дар чамасында Бишкектеги «Ала-Тоо» ресторанынын маңдайында «Хонда Цивик» үлгүсүндөгү унаа «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 61 жаштагы кызматкери Ш. Т.ны коюп кеткен. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде көз жумган.

Жол кырсыгына шектүү катары 1972-жылы туулган К.Н. кармалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты