Ташов тергөө абагында кыйноого кабылганын билдирип, Башкы прокуратурага кайрылды   

  • 1 месяц мурун

Ишкер Имамидин Ташов УКМКнын тергөө жайында кыйноого кабылганын билдирип, Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу анын адвокаты Самат Матцаков “Азаттыкка” билдирди.

Башкы прокуратурага жолдонгон катта Имамидин Ташов УКМКнын бир нече кызматкери аны Тилекмат Куренов менен байланышууга мажбурлаганын жана кримтөбөл Камчыбек Көлбаевди өлтүрүүгө буйрук бергенин талап кылганын белгилегендиги айтылат.

УКМКнын тергөө абагында Имамидин Ташов өзүнө өзү кол салып, шаардык ооруканага жеткирилген.

УКМК «30-октябрда саат 9:00дө УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлери кыдырган учурда Имамидин Ташовдун ич жагына эки ирет бычак сайылганын жана тез жардам келгенге чейин медициналык кызматкерлер тарабынан биринчи жардам көрсөтүлгөндүгүн» белгиледи.

Ташов №4 шаардык оорукананын хирург-дарыгери тарабынан кароо учурунда УКМКнын тергөө абагында кыйноолорго кабылгандыгына даттанган.

«Бирок бул факты чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМК тергөө абагынын периметри боюнча видеокөзөмөл камералары тастыктап турат.  Ошол эле учурда УКМК бул тууралуу прокуратурага кабарлап, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлерин чакырган. Ташов КР Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлеринин суроолоруна жооп берүүдөн кескин баш тарткан. Ташов азыркы учурда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен юстиция министрлигине караштуу  № 21 тергөө абагына киргизилди» деп айтылат УКМК билдирүүсүндө.

Ошондой эле атайын кызмат анын «УКМК кызматкерлери уурдап кетип, 100 миллион сом талап кылды» деген билдирүүсүн четке какты. Ушундай эле билдирүүнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламент жыйынында айткан.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн кыргыз жараны Имамидин Ташов кармалган. 2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде «О» ЖЧКсынын ээси Имамидин Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

“Ар кандай нерсе менен коркутуп көрүштү. Ноябрь айында да мага илешкис иштерди токуп, отуруп, камап да көрүштү, 52 миллион төктүрүштү, сол чөнтөккө 100 миллион бересиң  деп араң чыгарышты” деди Ташов.

Сүрөт: «ПолитКлиника»/Бектур Оргубаев  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты