Мыйзамсыз менчиктештирилген почта бөлүмү мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз менчиктештирилген почта бөлүмү мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу . Башкы прокуратура билдирди.

“Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2009-жылы Сыдыков айыл аймагынынын токтомунун негизинде Васильевка айылындагы мурдагы почта бөлүмү 1341,2 чарчы метр жер тилкеси менен биргеликте мыйзамсыз түрдө А.К. аттуу жарандын жеке менчигине берилип кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында аталган социалдык объект муниципалдык менчикке кайтарылды” деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: Башкы прокуратура

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты