Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө өзү кол салганын адвокат тастыктады
- 6 дней мурун
Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө өзү кол салып, шаардык ооруканага жеткирилген. Бул маалыматты анын адвокаты Самат Матцаков “ПолитКлиникага” билдирди.
-Мен Ташовго жолугууга УКМКнын тергөө абагына барганымда, Ташовду “Тез жардам” менен ооруканага алып кетишкенин уктум. “Тез жардам” кызматына телефон чалсам, 40-45 жаштардагы киши өзүнө өзү кол салып, ооруканага түшкөнүн айтышты. Бирок анын аты-жөнүн айтышкан жок. Мен ооруканага келдим” деп билдирди адвокат Матцаков.
Имамидин Ташовдун июнь айында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого алынганын анын апасы билдиргени социалдык тармактарга тараган.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн кыргыз жараны Имамидин Ташов кармалган.
«Ташов Кыргызстан жана Казакстандын Республикасынын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды» деп айтылат УКМК маалыматында.
2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде «О» ЖЧКсынын ээси Имамидин Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.
“Ар кандай нерсе менен коркутуп көрүштү. Ноябрь айында да мага илешкис иштерди токуп, отуруп, камап да көрүштү, 52 миллион төктүрүштү, сол чөнтөккө 100 миллион бересиң деп араң чыгарышты” деди Имамидин Ташов.
«О» ЖЧКсына бөлүнгөн жер тилкеге 280 орундуу бала бакча салынуусу аныкталган. Бирок, буга карабастан, «Бишкек Главархитектура» мамлекеттик мекемесинин жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу жана кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу максатында «О» ЖЧКсынын жетекчилиги менен кылмыштуу топ түзүшкөндүгү айтылган.
Ошондой эле атайын кызмат анын «УКМК кызматкерлери уурдап кетип, 100 миллион сом талап кылды» деген билдирүүсүн четке какты. Ушундай эле билдирүүнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламент жыйынында айткан.
Сүрөт: Бектур Оргубаев/»ПолитКлиника»