Базар-Коргондо лицей кызматкерлери чет өлкөдө жүргөндөргө диплом жана аттестатты мыйзамсыз берүүгө шектелүүдө
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан №52 кесиптик лицейдин жооптуу кызмат адамдары 2024–2025-жылдары чет мамлекеттерде жүргөн 10 окуучуну окуу процессине катышкан катары көрсөтүп, тиешелүү документтерди жасалмалап, аларга окуу жайын бүтүргөндүгүн тастыктаган аттестат жана дипломдорду мыйзамсыз берүү фактысы аныкталган.
Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




