Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасы болуп дайындалды
- 2 месяца мурун
Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
18-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Жумгалбек Шабданбековду дайындоого макулдук берди. Анын талапкерлигине 79 депутат макул болду. Каршы чыккандар болгон жок.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.
Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Сүрөттө: Жумгалбек Шабданбеков. kenesh.kg
Муну бөлүшүү




