“Ташиевдин автоунаасы скутердеги кишини сүзүп кетти”. Текшеребиз  

“Ташиевдин автоунаасы скутердеги кишини сүзүп кетти”. Текшеребиз  

Бүгүн, 15-сентябрда, Хамидулла Узаков аттуу Фейсбук колдонуучусу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин Ленд Крузер 300 үлгүсүндөгү автоунаасы Манас аэропортунун жолунда каршы тилкеге чыгып скутердеги кишини сүзүп кеткендигин жазган

Ташиевдин кызматтык Ленд Крузер 300 унаасы аэропорттун жолунда каршы тилкеге чыгып скутердеги кишини сүзүп кетти. Каршы тилкеге чыгып көппөй жүрсөңөр ушундай нерселер болбойт. Мен көргөндөн скутердеги кишинин абалы жакшы эле болчу, ооруканага алып барабыз деп жатышкан”, — деп билдирген. 

“Ташиевдин автоунаасы скутердеги кишини сүзүп кетти”. Текшеребиз  

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Алгач сүрөттөрдөгү унаанын мамлекеттик номерлерин салыштырып көрсөк. Хамидулла Узаков бөлүшкөн сүрөттөрдө 01KG 007AC мамлекеттик номурлуу Toyota Land Cruiser 300 унаасы аэропорттун жолу менен бара жаткандыгын көрүүгө болот. 

Массалык маалымат каражаттарында, 01KG 007AC мамлекеттик  номурлуу Toyota Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү автоунаа УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге таандык экендиги жазылып келет. 2022-жылдын март айында 01KG 007AC жана 01KG 700 AC мамлекеттик номурлуу Toyota Land Cruiser 300 унаалары Ч.Айтматов проспектиси менен түндүктү көздөй бара жаткан видеосу тараган эле. “ПолитКлиника” ал видеону текшерип, аталган автоунаа УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге тиешелүү экендигин аныктаган

Биз аныктаган видеодогу автоунаа, Фейсбук колдонуучусу Хамидулла Узаков бөлүшкөн сүрөттөрдөгү автоунаага окшош экендигин көрүүгө болот. Сүрөттү жакындатсак, 01KG 007AC мамлекеттик номурлуу Toyota Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү автоунаа экендиги даана көрүнүп турат. 

“Ташиевдин автоунаасы скутердеги кишини сүзүп кетти”. Текшеребиз  

Буга чейин бир топ ЖМКларда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 01KG 007AC унаасы менен УКМКнын имаратына кирген учурдагы видеосу да жарыяланган

“Ташиевдин автоунаасы скутердеги кишини сүзүп кетти”. Текшеребиз  

6500 сомдук айып пул

“Carcheck” порталындагы маалымат боюнча, 01KG 007AC мамлекеттик  номурлуу Toyota Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү автоунаа жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн 6500 сом өлчөмүндөгү эки айып пулу бар. 

“Ташиевдин автоунаасы скутердеги кишини сүзүп кетти”. Текшеребиз  

Эки айып пул тең “Манас” аэропорту жолунда көрсөтүлгөн нормадан жогорку ылдамдыкта айдагандыгы үчүн тагылган. Ал эми автоунаанын ээси катары УКМК көрсөтүлүп турат. 

“Ташиевдин автоунаасы скутердеги кишини сүзүп кетти”. Текшеребиз  
“Ташиевдин автоунаасы скутердеги кишини сүзүп кетти”. Текшеребиз  

TOYOTA Motor Corporation компаниясынын Кыгызстандагы расмий диллеринин сайтында, аталган автоунаанын баасы 10 млн  532 миң 700 сом деп көрсөтүлгөн. 

Жыйынтык: “Манас” аэропортуна бараткан жолдо скутерди сүзүп кетти делген автоунаа Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине таандык экендиги чын. Ал автоунаа менен буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы жүргөн.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты