Президент Жапаров АКШнын элчиси Стивен Гилленди кабыл алды
- 17 часов мурун
Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Стивен Гилленди кабыл алды.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент Кыргызстан эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында өлкөнү өнүктүрүү жолунда АКШ тарабынан көрсөтүлгөн колдоону жогору баалай турганын баса белгиледи.
Садыр Жапаров Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жаңы этабы, экономикалык жетишкендиктер, мамлекеттик институттарды чыңдоо, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана ата мекендик ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү тууралуу айтып берди. Ушуга байланыштуу президент эки тараптуу мамилелерди сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгаруу зарылдыгына токтолду.
Мамлекет башчысы Кыргызстан АКШнын Президенти Дональд Трамптын Борбор Азия менен мамилелерди чыңдоого жана кыргыз-америка кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган аракеттерин жогору баалай турганын белгиледи.
Өз кезегинде АКШнын элчиси Стивен Гиллен эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерге токтолуп, АКШнын ар түрдүү тармактарда өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Элчи Кыргызстандын жетишкендиктерин жана экономикалык өсүш темптерин жогору баалап, өлкөнүн өнүгүшүн камсыз кылууда Президент Садыр Жапаровдун башкы ролун өзгөчө белгиледи. Ошону менен бирге АКШ бул оң багытты улантууда ишенимдүү өнөктөш катары колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.
Сүрөт: president.kg




