Каршы тилке менен бара жаткан унаанын УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге тиешелүү экени чындык (Фактчекинг)

3-март күнү “БеспределKG” баракчасында Бишкекте каршы тилке менен бара жаткан унаанын видеосу жарыяланган. Автор бул мыйзамсыздыктын жеткен чеги экенин айткан.

“Бул Джеймс Понт 007 же 700 эмне кылып жатат? Бизде мыйзамдар таптакыр иштебейт. Мен 35 жашыма чейин дүйнөнүн эч бир өлкөсүндө тез жардам унаасы мындай турсун президенттин кортежи көпүрөнүн астынан чимирилип айдаганын көргөн эмесмин. Бул нерсе мыйзамда дагы жок.”,- деп билдирген. 

Каршы тилке менен бара жаткан унаанын УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге тиешелүү экени чындык (Фактчекинг)

Интернет тармагында бул унаа УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге тиешелүү экени айтылган. 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Видеодо 01KG 007AC жана 01KG 700 AC мамлекеттик номурлуу Toyota Land Cruiser 300 унаалары Ч.Айтматов проспектиси менен түндүктү көздөй бара жатканы көрсөтүлгөн.

Каршы тилке менен бара жаткан унаанын УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге тиешелүү экени чындык (Фактчекинг)

Машинанын көк жана кызыл түстүү маяктары күйүп бара жатканын көрүүгө болот. 

01KG 007AC унаасы жана Камчыбек Ташиев 

Буга чейин бир топ ЖМКларда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 01KG 007AC унаасы менен УКМКнын имаратына кирген учурдагы видеосу жарыяланган

Каршы тилке менен бара жаткан унаанын УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге тиешелүү экени чындык (Фактчекинг)

Аталган унаанын баасы 100 миң доллар экени айтылып, коомчулукта сын-пикирге кабылган. 

Дал ушундай эле видео былтыр  август айында интернет айдыңында пайда болгон. 2021-жылы 1-августта мамлекет башчысы Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Ысык-Көлгө иш сапары менен барышкан. Анда да кортежде кымбат балуу 2 автаунаа байкалган. 

Каршы тилке менен бара жаткан унаанын УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге тиешелүү экени чындык (Фактчекинг)

Автоунаанын номерлери башка болгону менен маркасы жана кызыл-көк түстөгү сиреналар даана байкалган.

4 миң сомдук айып пул 

“Carcheck” порталынан жол кыймылынын эрежесин бузганы үчүн эки унаага жазылган айып пулдарды карап көргөнүбүздө 4 миң сомдук айып пул бар экенин көрүүгө болот. 

Камчыбек Ташиевге тиешелүү деп эсептелген 01KG 007AC унаасына жалпы жонунан 1000 сомдук айып пул чегерилген. 

Каршы тилке менен бара жаткан унаанын УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге тиешелүү экени чындык (Фактчекинг)

Ал эми экинчи 01KG 700AC унаасынын жол эрежесин бузгандыгы үчүн 3000 сомдук айып пулу бар. 

Каршы тилке менен бара жаткан унаанын УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге тиешелүү экени чындык (Фактчекинг)

Эки автоунаага жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн чегерилген айып пулдар качан жазылганы белгисиз. Бирок, экөө тең төлөнө электиги көрсөтүлгөн. 

Мыйзам жөнөкөй унааларга артыкчылык бербейт 

Кыргыз Республикасынын 1999-жылы кабыл алган “Жол кыймылынын эрежелери жөнүндө” мыйзамына ылайык  атайын сигналдарды колдонуу “кечиктирилгис кызматтык милдеттерди” аткарып жаткан унааларга гана тиешелүү болуп саналат. 

Каршы тилке менен бара жаткан унаанын УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге тиешелүү экени чындык (Фактчекинг)

 Аларга тез жардам, өрт өчүрүүчүлөр, куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана авариялык газ кызматтары кирет. 

Башкача айтканда, каршы тилке менен айдоо “өтө зарыл” учурларда жана адам өмүрүнө коркунуч жараткан жагдайларда гана жүргүзүлүшү керек. 

Жыйынтык: Каршы тилке менен бара жаткан унаанын УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге тиешелүү экени чындык. Эки унаага жалпы жонунан 4000 сом айып пул жазылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты