Ташиев элге орой мамиле кылган Баткендин башчысы тууралуу оюн айтты

  • 12 месяцев мурун

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов тууралуу оюн айтты.

«Айбек Шаменов өтө татыктуу, сабаттуу жетекчи. Ал киши 4 жыл менин орун басарым болуп иштеди. Аны жашырып кайда барабыз. Өтө сонун иштеди. Баткенде куратор болду. Бул киши бул жакта өсүп, чоңойгон үчүн бир аз ийкемдүү сүйлөбөй жатат. Президенттен эскертүү алды. Президент дагы элге ийкемдүү болсун деп айтты», — дейт Ташиев.

6-мартта Достук айылында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен элдин жолугушуусу болгон. Достуктун жашоочулары Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булакка көчүрүлөрү айтылган. Жолугушууда айрым тургундар беш сотыхтан эмес 10 сотыхтан жер берүүнү суранышкан. Облус башчысы Айбек Шаменов мамлекет адамдарга турак жай салып бербей турганын айтып, элге орой мамиле кылган. Анын бул аракети коомдо катуу талкууну пайда кылды.

Ошондон кийин президент Айбек Шаменовго эскертүү берген.

Баткен облусунун Достук айылы кыргыз-тажик чек ара келишимине ылайык, Тажикстанга өтө турган болууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты