Ташиев кыргыз-тажик чек арасынын орчундуу көйгөйү эки тараптуу кызыкчылыкты тең карап чечилгенин билдирди
- 3 недели мурун
- Баяндар
Бүгүн, 27-февралда, Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишими жактырылганы маалым болду. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баяндамасынан урунттуу учурларды белгилей кетели.
Анда айтылгандай, кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 1006, 84 километрди түзөт. Анын ичинен 519,9 километр чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар тарабынан бекитилген. Ал эми калган 486, 94 км тилкеси акыркы үч жылдын ичинде такталды.
1. Лейлек району боюнча. Тажик Республикасынын Кайрагач участогунан Кыргыз Республикасынын пайдасына 155 га жер, 35 га Кайрагач анклавынын жерлери алынды. Жалпы аянты — 190 га.
Ордуна Кыргыз Республикасынын — Сада 21 гектар, Раззаков участогунан 23,5 гектар, Сельхан 4 гектар, Майты 7 гектар, Пролетар 12,5 гектар, Улак- Жар 15 гектар, Ак-Арык 7 гектар участокторунан жалпы 90 га жана Баткен районунун Кара-Бак участогунан 65 гектар берилди. Бардыгы 155 гектар берилди.
Ал эми Кайрагач анклавынын ордуна Майты участогунан 35 гектар жер берилди. Биз алардан 190 гектар алдык, 190 гектар бердик.
Анын ичинде сугат каналдары, автоунаа жүрүүчү жана башка жолдор да алмашылганын кошумчалады.
2. УКМК төрагасы чыр чыгып келген Головной тилкеси боюнча да маалымат берип, андагы үч люктун 1,5ы — үч-төрт метр жер Кыргызстанга өтүп, ошончо жер тилкеси 1.5 люк менен Тажикстан тарапка өткөнүн айтты.
Биз Чоң-Алай районунан 500 гектар, Кароол-Дөң участогунан 100 гектар, Катта-Суу участогунан 150 гектар алдык, ошентип, 750 гектар алынды.
3. Тажиктерге 142 гектар жер бердик. Баткен районунун «Достук айылын биз толук бойдон бердик тажиктерге. Себеби Достук айылы биздин айылдардан эң алыс жайгашкан. Ал жерде стратегиялык жана экономикалык пайда жок. Айылдын ордуна биз шарт коюп, айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан 30 гектар жер алдык, суулуу жерден, Кара-Бак айылынан алдык. Элди көчүрүп, кайра алардын ар бирине үй салып беребиз» деди Ташиев.
Кыргызстанга 143 гектар берилди.
Ворух анклавынан 1000 гектар жайыт жер берилди. Кайра Чоң-Алайдын Караган-Сайдан 1000 гектар жайыт алынды.
4. Бейтарап автожолдорду куруу, көпүрө. Талаштуу болуп келген Төрт-Көчө нейтралдуу макамга ээ болуп, Кыргызстан менен Тажикстан бирдей пайдаланат.
Жолдор маселеси тынчтык менен, эки тараптуу чечилгенин билдирди.
Сүрөт: kenesh.kg