Президент Баткендеги өкүл Шаменовго Достук айылындагыларга мамилеси үчүн оозеки эскертүү берди  

Садыр Жапаров президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовго оозеки эскертүү берди.  

Мамлекет башчы кызмат адамдары этикалык нормаларды сактоо жана калкка урмат-сый менен мамиле кылуу үчүн өзгөчө жоопкерчиликтүү экенин белгиледи.

Айрыкча ыйык орозо айында мындай жүрүм-турумга жол берилбей турганы айтылды. Президент мамлекеттик бийликтин бардык өкүлдөрүн жарандар менен иштөөдө урмат-сый жана сылыктык принциптерин бекем сактоого чакырды.

Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов Достук айылынын эли менен жолугушууда аларды кекеткени нааразылык пайда кылган.

Сүрөттө: Айбек Шаменов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты