Өзүн Ташиевдин уулу катары көрсөткөн алдамчылыкка шектүү кармалды

  • 1 месяц мурун

Өзүн  УКМК төрагасынын уулу Таймурас Ташиев катары тааныштырып, «Б.Х.» компаниясынын жетекчилигин алдоо жолу менен бетон үчүн  химиялык реагенттерди берүү боюнча келишим түзүүгө көндүргөн Д.Р.Д. аттуу жаран кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

 Д.Р.Д. келишим түзүү максатында компаниянын жетекчилиги менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда үнүн манипуляциялап, Whatsapp тиркемесине Таймурас Ташиевдин сүрөтүн коюп, өзүнүн өкүлүн компаниянын кеңсесине жөнөткөн.

Андан кийин өз алдынча кеңсеге келип, аны менен келишим түзүүнү талап кылган. Келишимдин жыйынтыгында ишканага 495 миң сомдук 8 тонна химиялык зат жана аванс катары 80 миң АКШ долларынан ашык Lexus RX350 жана Hyundai Avante үлгүсүндөгү автоунаалар которулган.

Азыркы учурда кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, КР ЖПКнын 96 жана 97-беренелери боюнча  Д.Р.Д. аттуу жаран КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты