Кинорежиссер Никита Михалков “Достук” ордени менен сыйланды
- 1 месяц мурун
Советтик жана россиялык актер, кинорежиссер, продюсер, сценарист жана коомдук ишмер Никита Сергеевич Михалков “Достук” ордени менен сыйланды.
Бул тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров кол койгону тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтында маалымат жарыяланды.
Никита Михалков бул сыйлыкка Кыргыз Республикасы менен Россиянын ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту чыңдоого кошкон салымы сыйланды.
Бүгүн, 30-октябрда, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында маданият министри Ольга Любимова менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө россиялык көрүнүктүү кинорежиссер Никита Михалковго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы “Достук” ордени тапшырылды.
Катышуучуларды куттуктоо сөзүндө Адылбек Касымалиев Маданият күндөрүн өткөрүү эки өлкөнүн тарыхый байланышын чыңдоого салым кошуп жатканын белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасы Никита Михалковду 80 жылдык туулган күнү менен куттуктап, анын дүйнөлүк кинематографияны өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи.
Сүрөт: gov.kg




