Касым-Жомарт Токаев Камчыбек Ташиевди жана башка ишмерлерди «Достук» ордени менен сыйлады

  • 11 месяцев мурун

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 22-августта, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин «Достык» ордени менен сыйлады.

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн I даражадагы «Достык» ордени менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев сыйланды.

II даражадагы «Достык» ордени менен Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков, президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, ишкер, коомдук ишмер Аскар Салымбеков сыйланды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты