Ташиев: «Достук айылын эстегенде жүрөгүм ооруп турат. Бирок туура чечим»

  • 12 месяцев мурун

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат берди.

«Достук айылын эстегенде жүрүгөм ооруп турат. Ал жакта менин аскерлерим каза болгон. Дастан Таластан барган жигит акыр аягына чейин туруп, ошол жерде каза болду. Менин да жүрөгүм ооруп турат. Келечекте ушундай окуялар кайталанбаш үчүн биз ушундай маселени чечишибиз керек. Бул айылга жаңы үйлөрдү салганбыз. Мен ошол Достукту сүйлөшүп жатканда жаңы үйлөрдү салганбыз деп шарт койгом. Салынган үйлөрдүн ордуна акча берели деп сунушташты. Биз акча кереги жок, жер бересиңер деп талашып-тартышып 30 гектар жер алдык. Бул айылга сугат суу тажик тараптын айылдарын аралап өтүп, бир топ кыйынчылыктар менен келгендиктен келечекте чыр-чатактарды болтурбоо максатында Достук айылы тажик тарапка калтырылды», — деди Ташиев.

Эске салсак, 13-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон.

27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында алты комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркация боюнча бир нече документ кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты