Тармактык комитет Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын башчыларынын отставкасын колдоду

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова менен Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеевдин отставкасын колдоду.

Белгилей кетсек, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакиров 31-январда президентке кызматтан өз эрки менен кетүү тууралуу арыз жолдогон.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов бүгүн, 1-февралда Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын билдирип, Садыр Жапаровдун Дүйшеевдин жана Бакированын арызын канааттандыруу тууралуу депутаттарга өтүнүчүн жолдогон.

Депутаттар алардын отставкасын бир добуштан колдоду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты