Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

  • 2 года мурун

Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев кызматтан өз эрки менен кетүү тууралуу арыз жазды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитетинин жыйынында президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов билдирди. Ал президент Садыр Жапаровдун Дүйшеевдин арызын канааттандыруу тууралуу депутаттарга жолдогон өтүнүчүн жолдоду.

Алмасбек Абытов ошондой эле президенттин атынан Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированын дагы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүү тууралуу арызына макулдук берүүнү суранды.

Карыбек Дүйшекеев бул кызматка 2019-жылы июлда дайындалган, Конституциялык палата тогуз судьядан турат. Ал кызматтан кетүү чечими тууралуу комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, Нургүл Бакирова президентке кызматтан өз эрки менен кетүү тууралуу 31-январда арыз жолдогон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты