Таласта жер титирөөдөн жабыркаган 48 үй аныкталды
- 2 месяца мурун
- Видео
Талас районунда 2025-жылдын 28-мартында таңга маал саат 4:42де жана саат 16:56да катталган 5 баллдык жер титирөөдө жабыркаган 48 үй аныкталды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Райондук жарандык коргонуу комиссиясы жер силкинүү болгон күндөн тартып айыл аймактарда иликтөө иштерин жүргүзүшүп, жарака кеткен үйлөрдү аныкташты.
Алардын берген маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө жабыркаган 48 турак үйдүн 31и камсыздандырылган. Калган 17 үй камсыздандыруудан өткөн эмес.
Жарака кеткен үйлөр: Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылында – 26, Арал айылында – 12, Үч-Эмчек айылында – 2, Шумкар-Уя айыл аймагынын Талды-Булак айылында – 6, Чоң-Алыш айыл аймагынын Манас айылында – 1, Кең-Кол айыл аймагынын Көк-Ой айылында – 1.
28-март күнү Талас облусунда эки ирет жер титиреди. Биринчи жолу 28-мартта таңкы саат 04:42де 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Экинчи жолу ошол эле күнү саат 16:56да жер титирөөнүн күчү 5 баллга жеткен.
Сүрөт: Жер титирөөдөн жабыркаган үй. ӨКМ