Казакстанда жана Кыргызстанда очогунда 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 28-мартта, саат 04:42де, Казакстандын аймагында катталган жер титирөөнүн күчү MSK-64 шкаласына ылайык, очогунда күчү 5,5 баллга жеткен. Жер титирөө Кыргызстандын Талас облусунун  Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга (Көпүрө-Базар айылынан 20 чакырым түндүктө, Бишкек шаарынан 133 чакырым түштүк батышка) чейин сезилген.

Бул тууралуу өзгөчө кырдалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

28-марттагы жер титирөөгө байланыштуу айгай жарыяланып, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында жана кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда жыйын өттү.

Учурда катталган жер титирөөдөн кийинки тактоо иштери жүрүп жатканын ӨКМ билдирди.

Иллюсрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты