Талас облусунда бүгүн экинчи жолу 5 баллга жеткен жер титирөө катталды  

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 28-мартта, саат 16:56да Талас облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Сейсмология институтунун болжолдуу маалыматтары боюнча, жер титирөөнүн очогу Казакстанда болуп, күчү 5,5 баллга жеткен. Казакстандын Мерке шаарынын түштүк-батышынан 30 чакырым, Кыргызстанда, Талас облусунун Көпүрө-Базар айылынын түндүк-чыгышынан 15 чакырым, Бишкек шаарынын түштүк-батышынан 130 чакырым алыстыкта болгон.  

Кыргыз Республикасында – Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Кара-Балта шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3,5 балл сезилген.   

Бүгүн, 28-мартта, саат 04:42де, Казакстандын аймагында катталган жер титирөөнүн күчү MSK-64 шкаласына ылайык, очогунда күчү 5,5 баллга жеткен. Жер титирөө Кыргызстандын Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга (Көпүрө-Базар айылынан 20 чакырым түндүктө, Бишкек шаарынан 133 чакырым түштүк батышка) чейин сезилген.

Сүрөт: Сейсмология институту

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты