Очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Сейсмологиялык институтунун сейсмикалык станциялары 23-сентябрда саат 06 :03 тө очогунда күчү 4 баллдын тегерегинде болгон жер титирөөнү каттады.
Баштапкы маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Тажикистандын аймагында, Каравшин айылынан 45 км түштүк-батышта, Жаны-Турмуш айылынын 43 км түштүктө, Исфана шаарынан 56 км түштөк-чыгышта, Лейлектен 55 км түштүк-батышта, Баткен шаарынан 117 км түштүк-батышта болгон.
Кыргыз Республикасынын калк жашаган аймактарында жер титирөөнүн күчү Жаны-Турмуш, Каравшин айылдарын 2,5 баллга жеткен.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




