28-сентябрда эки ирет жер титирөө катталды
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
28 сентябрда саат 10: 03 тө Сейсмология институтунун сейсмо станциялары очогунда күчү4 баллга жакын болгон жер титирөөнү каттады.
Сейсмология институтунун баштапкы маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Өзбекстанда болгон, Сүлүктү шаарынан 96 км түндүк -чыгышта, Баткен шаарынан 127 км түндүк-батышта жайгашкан.
Кыргыз Республикасынын калк жашаган аймактарда жер титирөөнүн күчү: сезилген жок.
Ушул эле күнү саат 10:38 де Сейсмология станциясынын сейсмология станциялары очогунда күчү 3 баллга жакын жер титирөөнү каттады.
Жер титирөөнүн очогу Казакстанда , Чоң Сары-Ой а. 61 км түндүктө, Балыкчы шаарынын 95 км түндүк-чыгышта жайгашкан.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




