Ош облусунда жер титиреди

Сейсмология институнун маалыматы боюнча, 12-октябрда саат 09:04 тө Ош облусунун Алай районунда очогунда 4 баллдык жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Жар-Башы айылынын 28 чакырым түштүк-чыгышта, Ачык-Суу айылынан 28 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 143 чакырым түштүк батышта катталды.

Калк жашаган аймактарда жер титирөөнүн күчү Ош облусунун Жар-Башы, Ачык-Суу, Кулчу, Шибе, Кара-Шыбак, Кызыл-Эшме, Доорот-Коргон айылдарында 3 баллга жетти.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты