Таиланд менен Камбоджа ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашты  

  • 12 месяцев мурун

Таиланд менен Камбоджанын лидерлери ок атышууну тезинен токтотуу тууралуу макулдашты. Бул тууралуу Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим билдиргенин Би-Би-Си News жазды.

28-июлда Таиланд менен Камбоджа Малайзияда премьер-министрдин резиденциясында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Маалыматка караганда ок атышууну токтотуу 29-июлда түн жарымында күчүнө кирет.

Камбоджанын премьер-министри Хун Манет жана Таиланддын премьер-министри Пхумтхам Вечаячай Малайзиядагы сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болгонун билдиришти.

24-июлда Таиланд менен Камбоджа бири-бирин чек арада атышууга күнөөлөдү деп билдирди Reuters. Атышуу 24-июлда эртең менен Та Моан Тхом талаштуу храмынын жанында болгон.  

Таиланддын чек арага жакын жерлеринен 100 миңдей адам, Камбоджа тараптан 40 миң адам эвакуацияланды. Эки тараптан кеминде 33 адам аза тапты.

Салгылушуу эки өлкөнүн талаштуу чек арасын бойлогон Дангрэк тоосунда, Түштүк-Чыгыш Азиянын борборунда болгон.    

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты