«Кыргызстан улуттук электр тармагы» 300 миң даана акылдуу эсептегич орнотот

  • 2 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Кытайдын Kaifa (Shenzhen Kaifa Technology) компаниясынын ортосунда 2026-жылга 300 миң акылдуу эсептегич сатып алуу келишимине кол коюлду. Алдыда дагы 90 миң даана акылдуу эсептегич сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

2025-жылдын аягына чейин өлкө боюнча 500 100 даана акылдуу эсептегичтер орнотулуп, «Кыргызстан УЭТ» 2025-жылы орноткон акылдуу эсептегичтердин жалпы саны 923 миңден ашты.

Бул эсепке алуунун тактыгын жогорулатып, электр энергиясын жоготууну 11,7 пайыздан 10,6 пайызга түшүрдү, жоготуунун азайышы менен орточо тариф менен алганда 373,8 млн. сом үнөмдөөгө жол ачылды.

Андан тышкары акылдуу эсептегичтерди орнотуунун алкагында 415 штаттык бирдик кыскарып, 291,2 млн.сом эмгек акынын эсебинен азайды

Бул долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда жана энергетика тармагын модернизациялоого, электр энергиясын реалдуу убакытта так эсептөөгө жана жоготууларды азайтууга багытталган.

Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча:

Акылдуу эсептегичтин артыкчылыктары:

-Автоматтык маалымат берүү: Көрсөткүчтөр серверге реалдуу убакыт режиминде өзү барат, контролёрдун үймө-үй кыдыруусуна муктаждык жок;

-Аралыктан башкаруу: Дебитордук карыз болгондо же төлөм жүргүзүлгөндө электр энергиясы автоматтык түрдө аралыктан өчүрүлүп/күйгүзүлөт;

-Энергияны үнөмдөө жана көзөмөл: Керектөөчүлөр электр энергиясын колдонуу схемаларын реалдуу убакытта көзөмөлдөп, үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк алышат;

-Коопсуздук жана сапат: Ашыкча жүктөмдөн коргойт, тыштан кийлигишүү болсо дароо кабар берет жана чыңалуунун туруктуулугун жогорулатат;

-Адам факторун жокко чыгаруу: Эсептегичти кол менен жазууда кетирген каталарды жана уурдоо фактыларын азайтат.

Иллюстрациялык сүрөт: НЭСК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты