«Гавайи» тарапта массалык мушташ чыгып, ок атышуу орун алган. 22 киши кармалды  

  • 2 месяца мурун

Чүй районунда, «Гавайи» эс алуу борбору тарапта мушташка жана ок атышууга аралашкандар аныкталып, милицияга 22 жаран жеткирилди.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

22июнда саат 23:47де “Гавайи” борбору тарапта ок атышуу болгону тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты Чүй райондук ички иштер башкы башкармалыгында катталып, тергөөчө чейинки текшерүү иштери башталган.

Алынган маалыматтар боюнча, окуя жаштардын ортосундагы пикир келишпестиктен чыгып, мушташып кетишкен. Кийинчерээк окуяга катышкан тараптар унаа менен бири-бири куушуп жүрүшүп, ок атылганы жана таш ыргытылганы тууралуу көрсөтмөлөр алынган.

“Мерседес-Бенц спринтер” унаасынын айнектери сынып, күзгүсү талкаланган.

Бул окуя боюнча кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүүдө.

Окуяга тиешеси бар деген 22 жаран жана 5 унаа аныкталып, Чүй райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты