Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы келишим ратификацияланды

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 19-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2025-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы өткөрүп берүү жөнүндө келишим күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы тарабынан аткаруу болуп саналат.

Келишимде өткөрүп берүү өтүнүчтөрүн тапшыруу жана кароо тартиби, баш тартуу негиздери, убактылуу камакка алуу, транзит маселелери жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн процесси кайсы стадияда жүрүп жатканына жараша өтүнүчтөрдү аткаруунун өзгөчөлүктөрү каралган.

Келишим өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө, эл аралык кылмыш-жаза-укуктук чөйрөдөгү кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле кылмышкерлерди экстрадициялоо жаатындагы кызматташууну чыңдоого багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Иллюстрациялык сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты