ТИМ Кыргызстандын жарандарын Камбоджа менен Таиланд чек араларына жакын жерге барбай турууну сунуштады  

  • 11 месяцев мурун

Камбоджа менен Таиланддын чек арасындагы куралдуу кагылышууларга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо максатында аталган эки өлкөнүн чек арага жакын жаңжал чыккан аймактарына баруудан карманууну сунуштайт.

Министрлик ошондой эле Камбоджа менен Таиланддын аймагында убактылуу же туруктуу негизинде жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына этият болууну, коопсуздук чараларын так сактоону жана жергиликтүү бийликтер менен Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин сунуштарына кылдат көңүл бурууну суранат.

Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда, Кыргыз Республикасынын жарандары Куала-Лумпур шаарындагы элчиликке +996 500 244610 (WhatsApp) телефону аркылуу же Тышкы иштер министрлигинин «ыкчам байланыш» номери +996 999 312002 (WhatsApp) аркылуу кайрыла алышат.

Бүгүн, 24-июлда, Таиланд менен Камбоджа бири-бирин чек арада атышууга күнөөлөдү деп билдирди Reuters. Атышуу 24-июлда эртең менен Та Моан Тхом талаштуу храмынын жанында болгон.  

Сүрөт: Кагылышуу болгон жерде. Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты