Түркия жана Сирияда зилзаладан каза тапкандардын саны 20 миң кишиге жетти  

  • 1 год мурун

Түркияда жана Сирияда жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 20 миңге жетти.

Бул тууралуу BBC билдирди.

Андагы маалыматта айтылгандай, миңдеген имараттар талкаланды, ондогон миң адамдар үй-жайсыз калды.

Кыйраган имараттар менен үйлөрдүн урандыларынан куткаруу иштери жүргүзүлүп жатат.  

 6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

Кыргыз тарап биринчи учак менен 100 боз үй, 20дай жылууланган аскер чатырын жана мобилдүү ооруканага ылайыкталган 1 чатыр жөнөтөт.
Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн керектүү куткаруу механизмдери жана 2 үйрөтүлгөн ит менен 100 куткаруучудан турган атайын топ экинчи учак менен барат.

6-февралда кыргызстандык куткаруучулар катуу жер титирөө катталган Түркияга кыргызстандык 63 куткаруучу жардамга жөнөтүлгөн.

Сүрөт: Reuters/  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты