Нарын облусунда очогунда 4 баллга жакын жер титирөө катталды
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 30-январда, саат 08:54тө Нарын облусунда очогунда 4 баллга жакын жер титирөө катталды. Бул тууралуу Илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Нарын облусунун Жан-Булак айылынын түштүк-батышынан 6 чакырым, Достук айылынын түштүгүнөн 7 чакырым, Нарын шаарынын түштүк-батышынан 24 чакырым алыстыкта болгон.
Жр титирөөнүн күчү Жан-Булак, Достук, Ак-Талаа айылдарында 3,5 балл, Таш-Булак, Куланак, Миң-Булак, Эмгек-Талаа айылдарында 3 балл, Нарын шаарында 2,5 баллга чейин сезилди.
Сүрөт: Сейсмология институту
Муну бөлүшүү




