Сузакта жер көчкү коркунучунда жашаган 600дөн ашык үй-бүлө бар
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда эле кооптуу аймактарда жашаган 600дөн ашык кожолук бар.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
“Алардын көпчүлүгү өкмөттөн кайтарымсыз ссуда жана жер тилкелерин алышкан. Бирок жаңы үй салганга акчасы жетпей турганын айтып, кооптуу аймактардан көчпөй жаткандар бар” деп айтылат маалыматта.
Ал эми Ош облусунун Кара-Суу районунда жер көчкү коркунучу жогору болгон аймакта 37 үй-бүлө жашап келет.
Кыргызстанда ушул тапта 3817 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашап жатышат. Анын ичинде 2396 үй-бүлө Ош облусунда.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын 2024-жылы 6-сентябрдагы жыйынында билдирди.
«Ушул тапта жер көчкү коркунучу бар кооптуу аймактарда жалпы 3817 үй-бүлө жашап жатышат. Анын ичинде 2396 үй-бүлө Ош облусунда болсо, мунун көпчүлүгү — 1300 үй-бүлө бир эле Өзгөн районунда. Калгандары Ош шаарында, Баткен жана Жалал-Абад облустарында. Кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн баарына колуна эскертүү берилип, коопсуз жакка көчүү сунушу берилген. Бирок «кудай сактасын» деп коюп, эле кетпей жашап жатышат. Айрымдары коопсуз жакка көчөбүз деп убагында ссуда акча алып алышкан. Аларды сот аркылуу көчүрүү гана аргабыз калды» деди Кулматов.
2024-жылдын башынан бери өлкөдө 331 сел жүргөн учур катталган. Сел 3 752 үйдү, 84 соцмекемени каптады. Жаратылыш кырсыгынан 411 чакырым жол, 29 чакырым каналдар жабыркады. 99 турак-жай таптакыр жараксыз болуп калган.
Селден 22 адам каза болду. Кырсыктын кесепетинен келтирилген чыгым 1 млрд 255 млн сом деп бааланууда.
Кыргызстанда жер көчкү түшүү коркунучу жогору 4557 участок бар. Анын 1180ден ашууну калктуу конуштарга коркунуч жаратат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев «Биринчи радиодогу» маегинде билдирди. Министрдин айтымында, 3442 сел жүрүү кооптуулугу бар участоктун 1273ү эл жашаган аймактарга туура келет.
2024-жылы 10-11-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам, Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында сел жүргөн. Дарыяларда жана сайларда суунун деңгээли көтөрүлүп, автоунаа жолдорго кум-шагыл толуп калган. ӨКМ учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын маалымдады.
ӨКМ 2024-жылы Кыргызстанда селдин саны рекорддук чекке жетип, 300дөн ашканын, алты ай ичинде табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миң сом зыян келтирилгенин маалымдаган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан