Кыргызстанда жер көчкү коркунучун азайтуу ыкмасы колдонулууда

Борбор Азияда биринчи жолу Кыргызстанда жер көчкү коркунучун азайтуу ыкмасы колдонулууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Республика боюнча 27 долбоор ишке ашырылууда. Алардын ичинен 5 объектте иштер кызуу жүрүп жатат.

Биймырза долбоору

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Биймырза айылында көчкүдөн коргоо үчүн тоо боорунун этегине коргоочу дамба курулду. Иш толугу менен аяктап, 13 турак үй коргоого алынды.

Чакмак долбоору

Алай районунун Гүлчө шаары, Кыркөл айылы жана Чакмак тилкелеринде коргоочу дамба курулду. Учурда объектти жергиликтүү бийликке өткөрүп берүү иштери жүргүзүлүүдө.

Какыр долбоору

Өзгөн районунун Какыр айылында 24 турак үйдү коргоо үчүн тоо боорун түшүрүү жана террассалоо ыкмасы колдонулууда. Долбоор 2025-жылы башталган, 2026-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда.

Коммунист долбоору

Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында туруксуз тоо боорундагы кооптуу массаны жарым-жартылай түшүрүү иштери жүрүүдө. Иштер 2025-жылы башталган, аяктоо мөөнөтү — 2027-жылдын биринчи кварталы.

Шадыбек-Булак долбоору

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айылында туруксуз тоо боорунун массасын түшүрүү иштери дээрлик аяктады. Учурда жерди рекультивациялоо жана объектти жергиликтүү администрацияга өткөрүп берүү иштери калды.

Кең-Жылга долбоору

Бул жерде жер алдындагы сууларды коопсуз нукка буруу үчүн жабык француз дренаж системасын куруу каралган. Бул ыкма тоо боорунун туруксуздугун азайтып, көчкүнүн жылышына жол бербөөгө багытталган.

Жалпысынан аталган долбоорлордун натыйжасында 276 турак үй, 1380 жаран, 8 социалдык объект жана 12 чакырым жол жер көчкү коркунучунан корголот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды жер көчкү коркунучу бар аймактарда сак болууга, расмий эскертүүлөрдү так сактоого жана зарыл учурда коопсуз жайга өз убагында көчүүгө чакырат.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты