“Тамчы” инвестициялык аймагынын ачылыш аземи болду
- 2 недели мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, Ысык-Көл облусундагы “Тамчы”атайын финансылык инвестициялык аймагынын (АФИА) ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Иш-чарага дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана өнөктөштөр катышты.
Салтанаттуу аземди ачып жатып, мамлекет башчы бул аймак региондук жана дүйнөлүк экономикалык процесстер үчүн жаңы инвестициялык аянтча болорун белгиледи.
Мамлекет башчы долбоорду ишке ашыруудан күтүлүп жаткан экономикалык жыйынтыктарга өзгөчө көңүл бурду.
“Алдын ала мерчемдөөлөргө ылайык, бул долбоор акырындык менен өнүгүү темпине чыгып, 2035-жылга чейин бул инвестициялык аймакта 3 900дөн ашуун резидент-компаниялар иштээри, 10 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлөрү
Маалыматта айтылгандай, «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагында коммерциялык жана инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү боюнча Эл аралык борборду түзүү өзгөчө мааниге ээ. Бул борбор көз карандысыз, ишенимдүү, эл аралык деңгээлде таанылган болуп, англиялык укуктун негизинде иш алып барат.
Президент ошондой эле эл аралык инвесторлор үчүн «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы Кыргызстан заманбап стандарттар жана принциптер менен иштөөгө даяр, ачык жана айкын мамлекет экенинин белгиси болорун кошумчалады.
Мындан кийин президент алгачкы беш резидентке сертификаттарды тапшырды. Алар БАЭ, Гонконг, Швейцария жана Түштүк Кореядан келген компаниялар – SkyBridge Digital Finance компаниясы, төлөм платформасы Thunes, брокердик компания Victory Securities, финтех компаниясы Onchain Technologies жана көп профилдүү холдинг Serim болду.
Мындан тышкары дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн дагы 15 компания “Тамчы” АФИА резиденти катары каттоо жол-жобосунан өтүп жатат.
“Тамчы” АФИА Англис укугу принциптеринин негизинде иш алып барат. Анын аймагында өзүнүн финансылык жөнгө салуучу органы, Эл аралык талаштарды чечүү борбору жана бирдиктүү санариптик каттоо системасы иштейт.
Резиденттер үчүн 49 жылдык мөөнөткө киреше салыгы, дивиденддерге салык, капиталдын өсүшүнө салык жана кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча нөлдүк салык режими каралган. Ошондой эле компанияларга чет элдик жарандардын 100 пайыз ээлик кылуусуна жана алынган пайданы эркин сыртка чыгарууга мүмкүнчүлүк берилген.
Тамчы айылынын жанында жайгашкан борбордун аймагында заманбап бизнес-борбор иштеп жатат. Учурда мейманкана комплекстери жана турак жай объектилери курулууда. Ага жакын жерде “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту жайгашкан. “Тамчы” АФИА жалпы аймагы болжол менен 6 миң гектарды түзөт.
Садыр Жапаров “Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө” мыйзамга бир жыл мурда кол койгон.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.
Сүрөт: president.kg




