Непалдагы жер көчкү жана сел: 150дөн ашык киши каза тапты   

Непалда 26-августтагы жер көчкү жана сел кырсыгында 150дөн ашык киши каза тапты, 300дөн ашык киши дайынсыз болууда. 

Бул тууралуу Непал бийлигинин кийинки маалыматтарында айтылат.

Непал жана Тибет чек арасындагы Тришули дайрасында жер көчкү түшүп, катуу сел жүргөн. Буга жер титирөө себеп болушу мүмкүн экени болжолдонууда.

Непалда үйлөр, жолдор, көпүрөлөр, энергетика объекттери кыйрады.     

Непал бийлигинин билдирүүсү боюнча, кеминде 157 киши каза тапты. Тибетте үч киши көз жумду. Кеминде 391 киши дайынсыз, анын ичинде Индия, АКШ, Улуу Британия жарандары бар.

Сүрөт: Niranjan Shrestha / AP

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты