ӨКМ: Кара-Суу районундагы жер көчкү коркунучу бар жерде 37 үй-бүлө жашап келет  

  • 1 год мурун

Ош облусунун Кара-Суу районунда жер көчкү коркунучу жогору болгон аймакта 37 үй-бүлө жашап келет.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Аларга мамлекет тарабынан жардамдар көрсөтүлүп, коопсуз жерге көчүү үчүн жер тилкелери берилгенине карабастан, өздөрүнүн жана жакындарынын өмүрүн тобокелге салып, жашоону улантууда.

Аталган үй-бүлөлөрдүн ичинен экөө мамлекеттен ссуда алып, ал эми дагы 14ү мындай мүмкүнчүлүккө ээ. Мындан тышкары, 34 жаранга жаңы жер тилкелери бөлүнгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын бул аймактын тургундарына жер көчкү коркунучу тууралуу эскертүүлөрдү берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келерин билдирди.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты