Өзгөчө кооптуу синтетикалык баңгизаттарды ташып келүүнү уюштурган кылмыштуу топ кармалды

Атайын операциянын жүрүшүндө кылмыштуу топтун үч мүчөсү – Кыргыз Республикасынын жарандары: 1999-жылы туулган Ю.С.Б., 1999-жылы туулган Б.У.А. жана 2008-жылы туулган М.А.О. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт каражатын кароо учурунда болжол менен 1 кг синтетикалык баңгизат табылган. Ал эми кармалгандардын жашаган жерлерин тинтүү учурунда ар кандай түрдөгү синтетикалык баңгизаттар табылып, алардын жалпы салмагы болжол менен 1 кг 405 граммды түзгөн. Мындан тышкары, синтетикалык баңгизаттардын 60тан ашуун «жашыруун катылган жайлары» аныкталган. Алардан жалпы салмагы болжол менен 3 кг 335 грамм синтетикалык баңгизат табылган.

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга арналган жалпы салмагы 5 кг 740 грамм синтетикалык баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул көлөм бир жолку 20–25 миң дозага барабар.

Табылган синтетикалык баңгизаттардын көмүскө базардагы болжолдуу чекене баасы 30 миллион сомдон ашат. Алынган заттар калктын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу коркунуч жараткан өзгөчө коркунучтуу синтетикалык баңгизаттардын категориясына кирет. Аларды бир жолу колдонуу да көз карандылыкка жана оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Атап айтканда, курч психикалык бузулууларды, борбордук нерв жана жүрөк-кан тамыр системаларынын жабыркашын, ошондой эле өлүмгө чейин жеткирген учурларды жаратышы мүмкүн.

Тергөө иш-чаралары улантылууда.

Өзгөчө кооптуу синтетикалык баңгизаттарды ташып келүүнү уюштурган кылмыштуу топ кармалды
Өзгөчө кооптуу синтетикалык баңгизаттарды ташып келүүнү уюштурган кылмыштуу топ кармалды
Өзгөчө кооптуу синтетикалык баңгизаттарды ташып келүүнү уюштурган кылмыштуу топ кармалды

Сүрөттөр: УКМК

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты