Сузакта тууну өрттөөгө шектүү адамдар аныкталды  

1-июнда Улуттук коопсуздук комитети менен ички иштер министрлиги мамлекеттик символду өрттөөнү уюштургандарды аныктады. Ал кылмышка Бек-Абад айылынын 19 жана 16 жаштагы кыздар “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмдун өкүлдөрү шектелүүдө.  

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 19 жаштагы А.кызы М. 2005-жылы туулган, 2022-жылы “Хизбут-Тахрир” уюмуна кирип, ал жерде ант берген. 2023-жылдан баштап айылдагы адамдарды уюмга мүчөлүккө тартуу ишин баштаган.   2023-жылы ал 16 жаштагы, 2008-жылы туулган А.Н. аттуу кызды тарткан.

А. кызы М. “Хизбут-Тахрирдин” Бек-Абад бөлүмүнүн аялдар канатынын жетекчиси, 2024-жылдын январь айынан бери мамлекеттик тууну алмаштырып жана өрттөп салуу аракетинин үстүнөн иштеген. Бул тууралуу ал А.Н.ге айткан.

Алар 20024-жылы жаз айларында Жалал-Абад шаарындагы “Береке” базарынан ак кездеме, Бек-Абад базарынан кара маркер сатып алышкан.

29-майда алар араб жазуулары бар ак желекти даярдап, 30-майга караган түнү Бек-Абад айылындагы №4 мектептин, №88 мектептин дарбазаларына жана уюлдук телефон  мамыларына орноткон. Андан кийин алар Бек-Абад айлындагы Сыдыков жана Ураимжан ата көчөлөрүнүн кесилишинде тууну өрттөгөн.  

Бул иштин чоо-жайын иликтөөдө алардын жакын туугандары, “Хизбут-Тахрир” мүчөлөрү алардын кылмыштуу ою тууралуу алдын ала кабардар болушкандыгы жана аны орган кызматкерлерине билдирбегени үчүн кармалышты.    

А.К.М. дин апасы — 1979-жылы туулган Т.М.Ю, агасы — 1995-жылы туулган А. уулу А.  кармалган. А. кызы М. нын жакын туугандары “Хизбут-Тахрир” мүчөлөрү экени аныкталган,  атасы Ш.А. Ш. дагы, ал Орусияда иштеп жүрөт, мурда экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.   

16 жаштагы А.Н. ата-энесиз, жакын туугандарында өскөн, А.Н. салттуу ислам эрежелерин карманат.

Бул кылмышты уюштурган 19 жаштагы А. кызы М. , экстремисттик идеологияга Бек-Абад айылынын башка тургундарынан 1980-жылы туулган Б.М.Ш. жана 1977-жылы туулган У.З.С. дан үйрөнгөн.

19 жаштагы А. кызы М. кармалды жана алардын 16 жаштагы өнөктөшү А.Н., уюштуруучунун апасы Т.М.Ю.  жана агасы А. уулу А. кармалды. Ошондой эле Б.М.Ш, У.З.С. кармалды.

Уюуштуруучуларга мамлекеттик символдорду жок кылуу боюнча айып тагылды.

 29-майдан 30-майга караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында мамлекеттик тууну өрттөп, ордуна араб жазуулары бар ак матаны илип кеткен факт катталган.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты