Сузакта милиция эки мектеп жана айыл өкмөт имараттарында тууну түшүрүп жана өрттөгөндөрдү издеп жатат

  • 2 месяца мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда белгисиз адамдар Б. Шамшиев атындагы жана С. Атабеков атындагы мектептердеги мамлекеттик тууну түшүрүп жана өрттөгөн. Туунун орду араб жазуулары бар мата менен алмаштырылган.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.   

Андагы маалымат боюнча, окуя 30-майда саат 3:20 дан 4:00гө чейин болгон. Саат 4:15те Бек-Абад айылынын тургуну райондук милицияга кабар берген.

Жалал-Абад облустук жана Сузак райондук милициянын ыкчам-тергөө кызматкерлери окуя болгон жерге барып, эки мектептин имараттарында араб жазуусу бар мата илинип турганын көргөн.  Ал эми мамлекеттик туу түшүрүлүп жана өрттөлгөн.

Ушундай эле көрүнүш Атабеков айыл өкмөтүнүн имаратында да болгон.  Бул окуя Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө электрондук каттоого алынган.

Милиция эки мектептин жана айыл өкмөттүн имаратында тууну түшүрүп, өрттөп жана аларды араб жазуусу бар матага алмаштырып кеткендерди издеп жатат. Бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты