Сузак шайлоо округу: БШК Алтынбек Кылычбаевди жеңүүчү деп тапты
- 1 неделя мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, Алтынбек Кылычбаевди жеңүүчү деп тапты.
Бул тууралуу БШК билдирди.
Алтынбек Кылычбаев шайлоочулардын 10 174 же 48.32% добушун алган.
Алтынбек Кылычбаев 1977-жылы туулган. “Жалал-Абад” санаторийинин директорунун орун басары болуп иштейт.
БШК шайлоонун алдын-ала жыйынтыктарында да Алтынбек Кылычбаевди алдыга озуп чыкканын билдирген.
Шайлоодо 81 шайлоо участогу уюштурулган. Шайлоо тизмесине 124 429 шайлоочу киргизилген.
15 талапкер катталып, шайлоого 7 талапкер катышкан.
Шайлоо жыйынтыгы боюнча Сузак округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 25-сентябрдагы протоколу боюнча, 22-сентябрдагы шайлоого 21 057 шайлоочу катышты, ал шайлоо тизмесине кирген шайлоочулардын 16.92% түздү.
Талапкерлер алган добуштардын саны:
1. Бегматов Бейшенбек – 212 добуш (1.01%);
2. Кылычбаев Алтынбек – 10 174 добуш (48.32%);
3. Лилиенталь Юлия – 749 добуш (3.56%);
4. Кошалиев Мелисбек – 2 435 добуш (11.56%);
5. Сейдахматов Жыргалбек – 2 493 добуш (11.84%);
6. Сапарбаев Медербек 3 280 добуш (15.58%);
7. Арапбаев Асилбек– 1 351 добуш (6.42%);
8. Баарына каршы- 134 шайлоочу (0.64%).
Борбордук шайлоо комиссиясы Сузак шайлоо округу боюнча шайланган депутат катары Алтынбек Кылычбаевди жеңүүчү деп тапты.
22-сентябрда №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү.
19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгондугу айтылды.
Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген.
Тазабек Икрамов бийликтин туура эмес иш-аракеттерин парламент трибунасынан кескин сындап келген.
Сүрөт: shailoo.gov.kg