№13 Сузак шайлоо округу: Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо өтүүдө
- 2 недели мурун
№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү жүрүп жатат.
БШК маалымдагандай, бүгүн бир мандаттуу үч шайлоо округунда Кыргыз Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары шайланат. Алардын шайлоо 2021-жылдагы шайлоодо колдонулган эрежелер боюнча өткөрүлөт.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү үчүн №13 шайлоо округунда 81 шайлоо участогу ачылып, 12 округдук шайлоо комиссиясы жана 1004 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тартылган.
Добуш берүү саат 08.00дон кечки саат 20.00гө чейин улантылат.
№13 шайлоо округу боюнча биротоло шайлоочулардын тизмесине 124 429 шайлоочу киргизилген.
Бүгүнкү күндө шайлоочулардын саны 2021-жылга (111 510 шайлоочу) салыштырмалуу 12919 шайлоочуга өсүп 11,59% түздү.
№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого 7 талапкер катышууда (6 эркек, 1 аял). Алар — Юлия Лилиенталь, Бейшенбек Бегматов, Мелисбек Кошалиев, Алтынбек Кылычбаев, Асилбек Арапбаев, Жыргалбек Сейдахматов жана Медербек Сапарбаев.
Президенттин 2024-жылдын 24-июлундагы жарлыгына ылайык, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22- сентябрына дайындалды.
19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгондугу айтылды.
Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген.
Тазабек Икрамов бийликтин туура эмес иш-аракеттерин парламент трибунасынан кескин сындап келген. Ал журналисттердин үйүн тинтүү, суракка алуу сөз эркиндигине, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизээрин билдирген.
Сүрөт: shailoo.gov