Сузак округу: Алдын ала жыйынтык боюнча Алтынбек Кылычбаев алдыга чыкты
- 2 недели мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялады.
Бул тууралуу БШКнын маалыматтык бөлүмү билдирди.
№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү аяктады. Маалыматта айтылгандай, саат 20:40 карата 81 шайлоо участогунан автоматташтырылган эсептөөчү урналарынан маалыматтар 100% келип түштү. АЭУнун маалыматтары алдын ала болуп эсептелет. Добуш берүүнүн акыркы натыйжалары жана шайлоонун жыйынтыгы учурда бардык шайлоо участкаларында жүргүзүлүп жаткан добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде аныкталат.
Шайлоочулардын жалпы саны — 124 429. Добуш берген шайлоочулардын жалпы саны – 21057 же 16,92%.
Талапкерлер алган добуштардын саны:
- Бегматов Бейшенбек — 212 добуш же 1.01% ;
- Кылычбаев Алтынбек — 10 174 добуш же 48,32%;
- Лилиенталь Юлия – 749 же 3,56%;
- Кошалиев Мелисбек – 2435 же 11,56%;
- Сейдахматов Жыргалбек — 2493 же 11,84%;
- Сапарбаев Медербек – 3280 же 15,58%;
- Арапбаев Асилбек – 1351 же 6,42%;
- Баарына каршы – 134 же 0,64%.
Бүгүн, 22-сентябрда, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү.
Президенттин 2024-жылдын 24-июлундагы жарлыгына ылайык, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22- сентябрына дайындалды.
19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгондугу айтылды.
Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген.
Тазабек Икрамов бийликтин туура эмес иш-аракеттерин парламент трибунасынан кескин сындап келген.