Сумаянын өлүмүнө шектүү жаранга соттук-психикалык экспертиза дайындалды

  • 2 года мурун

Сузакта 9 жашар Сумаянын өлүмүнө шектүү катары кармалган жаранга соттук-психикалык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан 24-декабрда кабарлашты.

“Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү У.А. аттуу жаран Жалал-Абад облустук ооруканасынын психоневрология бөлүмүндө жин оорусу менен стационардык тартипте дарыланганы аныкталды”, — деп айтылат милиция тараткан маалыматта.

Жазык-процесстик кодексинин 186-беренесинин (Экспертиза жүргүзүү үчүн адамдарды медициналык мекемеге жаткыруу) негизинде шектүүгө карата 23-декабрда соттук-психикалык экспертиза дайындалып, аны ыкчам өткөрүү жагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан психикалык оорукананын эксперттерине тапшырылган.

Ички иштер министрлиги ноябрь айында дээрлик он күндөй дайынсыз болуп, кийин сөөгү табылган тогуз жаштагы Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шек саналып 48 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин 23-декабрда билдирген.

Милиция тараткан маалыматта сурак учурунда шектүү күнөөсүн моюнуна алып, Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткенин, үч-төрт күн жертөлөдө колу-бутун скотч менен байлап кармагандыгын, денеси муздап, өлүп калгандан кийин сөөктү суунун жээгине таштап салганын жарыялаган.

Сузакта 18-ноябрдан баштап дайынсыз жоголгон кыздын сөөгү 27-ноябрда Көгарт дарыясынын жээгинен табылган. Аны милиция кызматкерлеринен сырткары 200дөй ыктыярчы издеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты