Күйөөсүн өлтүрүүгө шектүү кармалды
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына (ШИИБ) 4-августта аял телефон чалып, анын жарандык никедеги куйөөсү, жанын кыйгандыгын билдирген.
Окуя болгон Ош шаарынын Уркуя Салиева көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине Ош ШИИБдин жетекчилиги, ыкчам тергөө тобу тез арада барышып, иликтөө иштери башталган.
Күйөөсүнүн жашоодон тажап кеткендигин айтып,мас абалында өзүнө-өзү кол салып, моюн жагына бир нече жолу ашкана столунун үстүнөн алган бычак менен сайып жибергендигин анын жарандык никедеги, 1985-жылы туулган аялы Евгения (аты өзгөртүлдү) ыйлап айтып берген.
Оор жараттан 1989-жылы туулган Григорий (аты өзгөртүлдү) окуя болгон жерде каза болгон.
Ош ШИИБдин ыкчам кызматкерлери алгач алынган маалыматты текшерүүгө алышкан. Сөөктөгү жараттын өзгөчөлүгү, аялдын көрсөтмөлөрү чаташып жатканы жана анын өткөн кылмыштуу жолу (мурда адам өлтүрүүгө аракет жасагандыгы үчун соттолуп чыккан) аялдын өзүнүн бул кылмышка тиешеси бар экендиги боюнча шек жараткан.
Ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында анын жарандык никедеги аялы өзгөчө оор кылмыш жасагандыгын моюнуна алып, стол устүндо чогуу ичимдик ичип отурушуп, өз ара келишпестиктен айтыша кетишкендигин, анын натыйжасына өзүн кармана албай столдогу аш бычак менен сайып жибергендигин айткан. Григорий окуя болгон жерден каза тапкан. Өзү кылмыш жоопкерчилигине тартылуудан коркуп, жалган көрсөтмө бергендигин мойнуна алган.
Учурда шектүү Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен тергөө иштери жүрүп жатат.
Сүрөттө: Шектүү. Ош шаардык ИИБ




