Сузакта 9 жашар Сумаянын өлүмүнө шектүү адам кармалды

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлиги Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз жоголуп, кийин сөөгү табылган 9 жашар Сумая Хосилжанованын өлүмүнө шектүү адам кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү сурак учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Ал 9 жашар Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип келгенин, аны үч-төрт күн үйүнүн жер төлөөсүндө колу-бутун скотч менен байлап кармап турганын айткан. Анын айтымында, кыз өлүп калгандан кийин сөөгүн мүшөккө салып барып, дарыянын жээгине ыргыткан. Андан кийин кийимдерин толугу менен өрттөп жиберген.

Милициянын маалыматына караганда, шектүү У. А. 1973-жылы туулган Сузак районунун тургуну. 10 жылдан бери Сузак районундагы айылдардын биринде жалгыз жашап жүргөн.

Окуянын чоо-жайы

2021-жылдын 18-ноябрында Сузак РИИБине аталган райондун тургуну С.У. кайрылып, 2012-жылы туулган кызы Сумая Хосилжанова мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Издөө иштерине жалпысынан 63 милиция кызматкери, 250 элдик кошуун жана коомчулуктан 150 ыктыярчы тартылып, Сузак айылынын 8540 кожолук, курулуп бүтпөй кароосуз калган 14 имарат, кароосуз калган 25 гараж, Жалал-Абад — Сузак каттамында каттаган 6 маршруттук таксилер жана 78 жеке таксилер текшерүүгө алынган. Атчан ыктыярчылар менен биргеликте эгин талааларында да издөө иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле 29 видеокамера текшерилип, бирок Сумая алардын бирөөнө да түшпөгөнү аныкталган.

Сумаяны издөө иштери Жалал-Абад шаарынын аймагында да улантылган. Сузак РИИБдин жана элдик кошуундар тарабынан курулушу бүтө элек, кароосуз калган 19 имарат жана 22 гараж текшерилген. Анын сүрөтү менен изделип жаткандыгы тууралуу маалыматтар башка аймактарга да илинген.

2021-жылдын 27-ноябрында саат 17:00 чамасында Сузак РИИБине А.Р. аттуу адам телефон чалып, Арал айылы аркылуу агып өткөн Көк-Арт дарыясынын жээгинде жаш кыздын жансыз денеси жатканын кабарлаган. Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барган учурда суунун жээгинен 3-4 метр аралыкта жаткан болжолу 8-12 жаштагы кыз кишинин жансыз денеси табылган. Сөөк табылган учурда анын үстүндө кийимдери жок болгон. Бирок денесинен оор жаракат же сынык байкалган эмес.

Сырттан кароо жүргүзүүнүн негизинде кыздын дайынсыз болуп жаткан Сумая Хосилжанова экени аныкталган.

Текшерүү, иликтөө иштеринин натыйжасында аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган жана тиешелүү соттук-медицианлык экспертизалар дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты