Чүй облусунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды
- 1 месяц мурун
11-мартта саат 12:20да Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу кабар келип түшкөн. Анда У.В. аттуу жаран Кара-Балта шаарыныны Космонавт көчөсүндөгү үйүндө күйөөсү П.А.ны өлтүрүүгө шектүү экенин билдирген.
Бул факт катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган.
Маалыматта айтылгандай, окуя болгон жерде 2026-жылдын 11-мартына караган түнү саат 00:00 чамасында жогорудагы даректе 1968-жылы туулган У.В. аттуу жаран, 1971-жылы туулган П.А. аттуу күйөөсү менен үйдө спирт ичимдиктерин бирге ичип отуруп, ортодо пикир келишпестик чыккан. Андан соң күйөөсү аны сөз менен кемсинтип, моралдык-психологиялык басым кылгандыгы айтылат.
У.В. күйөөсүнүн кемсинтүүлөрүнүн улам, аны бычак менен мойнуна сайган. Андан соң аны паласка сүйрөп түшүргөндүгү айтылат. Күйөөсү П.А. алган жаракаттардан ошол жерде көз жумган.
Окуядан кийин У.В. өз буюмдарын чогултуп, кармалууга даярданып, уктап калган. Эртеси күнү ал ойгонуп, денени коридорго сүйрөп барып, “102” кызматына кабар берген.
Тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Шектүү 1968-жылы туулган У.В. кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө иштери улантылууда.
Сүрөт: Чүй ОИИБ




