Султанбаев: Президенттин Казакстан тууралуу билдирүүсү туура эмес чечмеленип жатат

  • 2 года мурун

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Казакстандагы акыркы окуяларга байланыштуу калтырган билдирүүсүнө түзөтүү киргизди.

«Мамлекет башчысынын сөздөрүн туура эмес чечмелеген айрым учурларга байланыштуу төмөнкүдөй тактоо киргизем. Президент Жапаров кыргыз тарап акцияга катышпаган жана жоопкерчиликке адилетсиз тартылып жаткан Кыргызстандын бардык жарандарын коргой тургандыгын жана алар үчүн катуу күрөшөрүн так билдирди. Редакциялардан президенттин сөздөрүн туура чечмелөөсүн өтүнөм», — деп жазды Султанбаев «Фейсбуктагы» баракчасына.

Буга чейин Жапаров Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандар болсо Кыргызстан ар бири үчүн катуу күрөшө турганын айткан. Мамлекет башчы кошуна өлкөдө болуп жаткан окуялардан толук кабардар экенин, музыкант Викрам Рузахунов тууралуу маалымат социалдык түйүндөргө чыгары менен дароо министрликтерге тийиштүү тапшырмалар берилгенин белгилеген.

“Эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда иштер жүрүп жатат. Казакстанда иштеп жүргөн биздин жарандарыбыз көп. Балким алардын арасында митингге катышып калгандар да болушу мүмкүн. Эгер катыштыгы жок, жөн гана адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандарыбыз болсо алардын ар бири үчүн катуу күрөшөбүз. Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жыйынтыгын күтөлү,” – деп жазган.

Орусиялык бир катар маалымат каражаттары муну «Кыргызстандын президенти Казакстандагы башаламандыкка катышкандардын арасында кыргыз жарандары да болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарбады» деген тема менен жазып чыгышкан.

9-январда Казакстандын «Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы» телеканалы башаламандыкка катышы бар деп кармалган, жарандыгы кыргызстандык делген адамдын видеосун тараткан.

Токмоктолгон жигит “белгисиз адамдар” аны 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге барганын айткан.

Видео Интернетке тараган соң андагы сүйлөп жаткан жигит ыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон. Соцтармактарда кыргызстандык активисттер казак бийлигин маалыматты бурмалабай берүүгө чакырууда.

Музыкант Рузахуновдун Алматыдагы «башаламандыкка катышы бар» деп шектелип кармалышына байланыштуу 9-январда Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, нота тапшырылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты